БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров Ысык-Көлдүн жолдорун жакшыртуу боюнча атайын долбоор тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековго айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жолугушууга биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев, Дүйнөлүк банктын өкүлү Кордулы Растоги катышкан. Долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банктын тартылышы күтүлүүдө.
"Кеп Түп — Кеген жолунун курулушу тууралуу жүрүп жатат. Ал Кыргызстан менен Казакстанды дагы бир транспорттук магистраль аркылуу байланыштырат. Мындан тышкары, аталган долбоор Каракол шаарындагы аэропортту реабилитациялоону жана Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун инфраструктурасынын жакшыртылышын камтыйт", — деп айтылат маалыматта.
Премьер-министр өз учурунда долбоордун ишке ашуусу өлкө экономикасы үчүн орчундуу мааниге ээ экенин белгилеп, анын ишке ашырылышы кыргыз өкмөтү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдирген.