БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан "Бишкек — Стамбул" каттамы менен кетчүлөрдү каттоо учурунда аталган жаран башка адамга тиешелүү паспортту көрсөткөн.
Кармалган жаран УКМКга өткөрүп берилди.