БИШКЕК,16-апр. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркел немис сатириги жана алып баруучу Ян Бемерманга карата кылмыш ишин иликтөө боюнча уруксат берип, журналисттер менен саясатчылардын каарына калды.
Түрк өкмөтү немис алып баруучусуна карата кылмыштык иликтөөнү баштоону талап кылган нота жөнөткөн. 11-апрелде Тайип Эрдоган Германиянын Майнц шаарынын прокуратурасы жеке арызы менен кайрылган. Бемерман Германиянын Кылмыш жаза кодексинин 103-беренесин (Органда иштегендерди жана чет элдин өкүлдөрүн шылдыңдоо) бузган деп шектелүүдө. Бул беренени бузгандарга акчалай айып салынып же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Германиянын оппозициясы канцлердин мындай чечимин саясый катачылык деп атады. Ошондой эле мигранттар маселеси боюнча "Түркия менен түзүлгөн бул ыплас келишим" сөз эркиндигинен да жогору турабы деген суроолорду жаадырышты.