БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 2010-2014-жылдар аралыгында жол транспорт кырсыгынын өсүү тенденциясы байкалса, алардын көбү айдоочулар тарабынан жасалган. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин чыгарган отчетунда айтылат.
"2010-жылы жол кырсыгынан улам каза болгондордун саны 985 болсо, 2014-жылы 1 022ге жеткен", — деп айтылат аталган ведомствонун маалыматында.
Жол кырсыгынан жаракат алгандар боюнча абал деле жогорудагыдай көрүнүштө. 2010-жылга салыштырмалуу төрт жыл аралыгында ар кыл жараат алгандар 1,7 эсеге көбөйгөн.
Эгерде кишинин башы менен эсептей келгенде, алардын саны 6192ден 10 миң 510го чейин өскөн.