БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. WhatsApp пайдалануучуларынын билдирүүлөрү коргоого алынат. Бул тууралуу тиркеменин расмий блогуна таянуу менен РИА Новости билдирди.
2014-жылдан баштап мессенджердеги жашыруу индивидуалдык тексттик билдирүүлөр үчүн гана иштеп келген. Мында чалуулар жана сүрөт, видео билдирүүлөрдүн айрымдары гана коргоого алынган. Эми билдирүүлөрдүн бардыгы корголот.
Мартта АКШ бийлиги WhatsApp тиркемесинин жашыруун маалыматтарын алуу жолдорун издеп жатканы айтылган. Талкуу жаңжал менен коштолуп, Американын Юстиция министрлиги Apple компаниясынан Сан-Бернардиногу террорчулардын бирине таандык iPhone смартфонун блоктон чыгарууга жардам берүүсүн талап кылган.