БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу 2016-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Кытайда өтүп жаткан лицензиялык таймашта кыргызстандык спортчу 81 килограммга чейин салмак категориясында алдыңкы үч мыкты спортчунун катарына илинди. Үчүнчү орун үчүн мелдеште Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азиз Ачилов менен беттешип, 3:0 эсеби менен утуп алды.
Турнирге катышып жаткан дагы бир кыргызстандык мушкер Азамат Үсөналиев казакстандык Олжас Саттибаевден 0:3 эсеби менен утулуп, жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн кур калды. Алар 52 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти.
Турнирдин регламенти боюнча өз салмак категорияларында үч алдыңкы орунду ээлеген спортчулар Олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болот.
Эркин Адылбек уулунун жеңиши Кыргызстанга башкы спорттук мелдеш баруу үчүн тогузунчу жолдомону алып келди.