БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Биринчи класстын окуучусу Даниелдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан аял сот отурумунун учурунда өзүнүн ичин тилип салды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.
"Ал ордунан тура калып, баары бир акталбай турганын айтып кыйкырып, андан көрө өзүн өлтүрүп салуу жеңил деди. Кофтасын өйдө көтөрүп, лезвиеге окшош темир менен өзүнүн ичин кескилей баштады", — деди ал.
Никсдорф күзөттөгүлөр колунан "куралын" алып коюшканын белгиледи.
"Анын колунда оттуктун алдын ала курчутулган темир болгону аныкталды", — деди ал.
ЖАМК кызматкеринин айтымында, соттолуучунун тыюу салынган буюм-тайымдарын убактылуу кармоочу жайдын көзөмөлдөөчүлөрү текшериши керек.
"Аял учурда сот имаратында. Тез жардам чакырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок", — деди ал.