Бул экзамен жаш жоокерлерди 2016-жылдагы окуу жылга даярдоо планынын алкагында өттү. Алар аскердик атрибуттардан болгон – жашыл беретке ээ болуу үчүн катаал сыноолорго чыдашы керек. Ал үчүн дене бой, моралдык-психологиялык жактан даярдыктан өтүп, аскер иштери боюнча теориялык билимин бекемдеши шарт.
Токмок шаарындагы полигондо жаш жоокерлер үчүнчү, акыркы этапты өтүштү. Аскердик буюм-тайымдары, куралдары менен кошо дөңсөөлөргө чуркап чыгып, кайра түшүп 10 чакырымга чейин жол басышы керек. Автомат менен бутага тийгизе атып, аны көз ачып-жумганча чачып жана курашы зарыл. Ар кандай кырдаалда жол таап, коркунуч жараткан душманын жеңе билип, андан сырткары радиобайланыш менен тиешелүү маалыматтарды берип турууга милдеттүү.
Сыноодон татыктуу өткөн жоокерлерге 9-апрелде салтанаттуу түрдө эңсеген жашыл береттери тапшырылат. Башкы штабдан жашыл берет кармашка кирүүгө ардактуу укук берген атрибуттардын башында турат деп билдиришти.

КРдин Башкы штабынын куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы аскерлери 52806 аскер бөлүгүндө экзамен тапшырды

Программага ылайык аскерлер түрдүү тоскоолдуктардан өтүшү керек

… экзамен учурунда

Башкы милдет – байланышчынын кесибин билүү кажет

Эки метр бийиктиктеги тоскоолдук

Бардык техниканы айдай билүү кажет

Экзамен 2016-жылкы окуу жылынын аскердик даярдык боюнча планына ылайык алынды

Көзгө атар мергендик да башкы талаптардан

Тосмолордон өтүү

…уулунды деген аймакта

Согулган соккуларга карабай тоодон өтүш керек

Чыдамкайлык...

Күч бирдикте

Бардык курал-жаракты асынып 10 чакырым чуркап өтүү. Маарага аз калганда

көптөн күткөн "жашыл берет" ушул