БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жеке коопсуздук башкы башкармалыгынын кызматкерлери милиционердин кийимин кийип алган жаранды кармаганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү милицияга бишкектик кыз кайрылып, алтынчы кичи райондо ага милиционер тийишип, документин талап кылганын айткан. Анын билдирүүсү боюнча укук коргоо органынын өкүлү мас абалында болгондуктан, кыз милиция менен байланышууну туура көргөн.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 34 жаштагы Бишкектин тургуну кармалып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.