Бишкектин мэрине кандай сурооңуз бар?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин айрым тургундары жаңы калаа башчысына суроолорун даярдашты. Жалпы суроолордон тышкары, мэрдин жеке өзүнө тиешелүү маселелер да козголду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Шаардыктардын бир катары борбор калаанын жаңы мэри Албек Ибраимовго суроо берүүгө даяр. 

Ибраимов жаңы кызматка 1-марттан баштап расмий түрдө киришти.

Шаар башчысы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин маеги 11-март, жума күнү саат 13.00гө белгиленген. Бул мезгилге чейин бишкектиктер Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 номериндеги WhatsApp-каналына же Facebook жана Twitter баракчасына, ошондой эле news@sputnik.kg дареги аркылуу кызыккан суроолорун бере алышат. Түз алып берүүнү sputnik.kg жана ru.sputnik.kg сайттарынан көрүүгө болот.

Бишкектеги маршруттук такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Ибраимов: маршруткалардагы жол кире азырынча кымбаттабайт
Бүгүн редакция "Бишкек мэрине кандай суроо берет элеңиз?" деген сурамжылоо жүргүздү. Айрымдар бир эле суроо менен чектелбей турган болсо, кээси жаңы жетекчиге каалоо-тилек гана айтышты.

Эркен Акрамов, Велоспорт боюнча Азиянын көп жолку чемпиону Евгений Ваккердин машыктыруучусу: 

"Качан веложолдор курулат? Спорттун бул түрүн өнүктүрүүнү кааласак, жолдор абдан керек. Негизги жолдор менен велосипедчен жүрүү ыңгайсыздык жаратууда. Бери дегенде эле 10-15 чакырымдык веложолдор зарыл".

Борис Подкорытов, Кыргызстандын футбол боюнча командасынын мурунку башкы машыктыруучусу: 

"Шаарды көрктөндүрүү маселелери качан чечилет? Кеп таштанды чыгаруу, шаардын архитектуралык көрүнүшү, жолдор тууралуу болууда. Мэрдин баары эле убада берет, бирок бири да аларды аткарбайт".

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты: 

"Эреже боюнча жаңы мэр бир жума ичинде мэриянын структурасын сунушташы керек. Экинчиден, программасы жаңырабы же мурунку боюнча калабы?"

Айбек Баратов, активист: 

"Социалдык тармактарда барсызбы? Бишкекке болгон сүйүүңүздү үч сөзгө батыра аласызбы?".

Элдар Абакиров, Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин мүчөсү:

Бишкек мэриясы эки жылда кичирайондордогу 130 чакырым жолду оңдойт
"Курулушчу катары мен жетекчинин көңүлүн мэриянын муниципалдык менчик жана башка башкармалыктарына бургум келет. Мисалы, дарбаза куруу же трансформатор орнотууга уруксат алуу абдан татаал. Процесс өтө бюрократташып кеткен. Экинчи суроом — качан деталдык пландоонун планы иштелип чыгат?".

КСДП фракциясынын өкүлдөрү суроо берүүдөн баш тартып, калоо-тилектерин билдиришти

Иса Өмүркулов, Бишкектин мурунку мэри, учурда ЖК депутаты: 

"Бул кызмат кандай жүктү аркалай турганын билем. Он жылдап чогулган көйгөйлөрдү чечүү чындап эле оор. Жаңы мэрге жоопкерчилик, туруктуулук жана абийир каалайм. Кабинет, кызматтык унаа дегендерге көңүл бөлүүнүн кажети жок. Иштеш гана керек".

Марат Аманкулов, шаардык кеңештин мурунку төрагасы, учурда ЖК депутаты: 

"Мен ага суроо бербестен, ишине ийгилик каалар элем. Суроо бере тургандар көп. Азыр эки кишинин бири шаарды кантип башкаруу керектигин билет. Эгер суроо жаралса мен мэрге түз эле кайрылам".

Жаңылыктар түрмөгү
0