БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директорлук кызматына Улан Исраилов дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-март күнү кол койду.
Буга чейин мекеменин мурунку жетекчиси Бөкөнбай Казаков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулганы белгилүү болгон.