БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору Бөкөнбай Казаков берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-март күнү кол койду.
Эскерте кетсек, Казаков аталган кызматка 2014-жылы 2-апрелде дайындалган.