БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайынан кытай жараны Кыргызстанга аткезчилик менен кургатылган бака, жылан алып кирип келе жатып кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
"Кашгар — Бишкек багытындагы автобусту текшере келгенде, кытайлык жаранга тиешелүү кургатылган 240 жылан, 3000 бака жана кызыл түстөгү суюктук куюлган 140 ампула табылган", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Чек арачылар бул жүктү ташып келүү боюнча документтердин жоктугун аныктап, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кожоюну менен кошо бака-жыландарды тиешелүү тараптарга өткөрүп берди.