00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КММА аппарат башчысынын өлүмү боюнча өлкө жетекчилигине кайрылды

Жазылуу
Кайрылууда Гапаровдун өлүмүнө Коррупцияга каршы кызматы себепкер экени айтылат. УКМК азырынча бул тууралуу үн ката элек.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректорат кеңеши аталган окуу жайдын аппарат жетекчиси Абдикарим Гапаровдун өлүмү боюнча бийликке кайрылганын ЖОЖдун маалымат кызматы билдирди.

Автоунаанын ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен районун соту парага Toyota унаасын алып жаткан жеринен кармалды
Өткөн жумада УКМК медициналык академиянын аппарат жетекчиси 30 миң сом пара алып кармалгандан кийин тинтүү учурунда каза болгонун маалымдаган. Алдын ала божомолдор боюнча өлүмгө жүрөк оорусу себепкер болгон. Окуу жайдан буга чейин Гапаров эки жолу инфаркт илдетине кабылганын, маркумдун денесинен көгала тактар аныкталганын айтышкан. Азырынча УКМК бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Окуу жайдын кеңеши президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго, премьер-министр Темир Сариевге жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылуу жолдогон. Анда Гапаровдун өлүмүнө Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) өкүлдөрү себеп болгону айтылат. Күбөлөрдүн айтымында, УКМК кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чаралары жасалма мүнөздө болгон.

Кайрылууда окуу жайдын кызматкеринин тинтүүнү тынч өткөрүү өтүнүчү четке кагылганы келтирилет.

"УКМК кызматкерлери кайра бизди коркутуп, "силерге да жетебиз" деп кыйкырып жатышты. Кесиптештерибиздин Тез жардам чакыралы дегенине көнбөй, медициналык жардам көрсөтүүгө жол беришкен жок. Маркумдун жүрөк оорусу күчөп, өз учурунда жардам көрсөтүлбөй калды. Кеч келген Тез жардам кызматкерлери анын каза болгонун гана тастыктап беришти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Окуу жайдын кызматкерлери Гапаровдун кабинетинен чачылган кагаздарды, жерде жаткан галстук менен саат табышканын айтып, маркумдун көйнөгү айрылып, эмеректердин сынганына күбө болушкан. Окуя болгон жерге келген Октябрь районунун прокурору менен тергөөчүлөрү зордук-зомбулук аракеттерин каттап кетишкен.

"ККК кызматкерлеринин жосундуу жоругуна нааразыбыз. Биздин баамыбызда, алар кимдир бирөөнүн буйругун аткарып, биздин бүтүндөй эмгек жамаатыбызга көө жабуу аракетин жасагандай болушту. Ректорат кеңеши бул фактынын тергелишин бийликтин жеке көзөмөлүнө алуусун жана күнөөкөрлөрдү жазага тартууну өтүнөт", — деп жазылат кайрылууда.

УКМК бул маалымат боюнча үн ката элек. Ал эми Башкы прокуратура экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатканын, азырынча аталган факт боюнча кылмыш иши козголо электигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0