БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Пара катары Toyota унаасын алып жаткан жеринен Баткен районунун соту кармалганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, судья соттолуп жаткан жарандын кылмыш иши боюнча оң маанидеги соттук акт чыгарып берүү үчүн пара талап калган. Иликтөө учурунда кармалган адам буга чейин 720 миң сом өлчөмүндө акча алганы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.