"Ислам мамлекети" террордук уюму Facebook менен Twitter негиздөөчүлөрүн коркутту

© AFP / HAIDAR HAMDANIТеррорчулар. Архив
Террорчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook түйүнүндө 150 группа, Twitter тармагындагы беш миң адамдын баракчасы жана 10 миң аккаунт экстремист-хакерлер тарабынан бузулган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Facebook жана Twitter негиздөөчүлөрү Марк Цукерберг менен Жек Дорсини коркутту. Бул тууралуу британ гезити The Daily Mail жазып чыкты.

Интернет булактарында 25 мүнөттүк видео пайда болду. Анда Марк Цукерберг менен Жек Дорсинин сүрөтүндө октун изи менен от жалындуу фон чагылдырылган. 

"Марк менен Жекке кайрылабыз. Биздин баракчаларды күнүгө өчүрүп жатканыңарды жарыялап жатасыңар, колуңардан ошол эле келеби!?", — деп айтылат видеодо.

Кайрылууда Facebook түйүнүндө 150 группа, Twitter тармагындагы беш миң адамдын баракчасы жана 10 миң аккаунт экстремист-хакерлер тарабынан бузулганы айтылат. 

Буга чейин, Twitter социалдык түйүнүндө бир айдын ичинде экстремисттик маанайдагы 125 миң баракча өчүрүлгөнү айтылган. Ал эми Facebook терроризмди жайылтууга аракет жасаган аккаунттарга катуу күрөш жарыялаганын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0