БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүндө 40 тонналык май ташуучу цистернадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 6.20да түшкөн. Цистернада төрт тонна күйүүчү май бар экени айтылган. Жалынды өчүрүүгө төрт атайын унаа тартылганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, өрт толугу менен саат 11.20да өчүрүлдү. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.