БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжээв грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль алгандыгы тууралуу аталган мелдештен расмий сайты билдирди.
Азия биринчилиги Таиланддын Бангкок шаарында 17-февралда башталып, 21-февралга чейин уланат.
Каныбек Жолчубеков 59 килограмм салмакта, Кенжээв 85 килограмм категориясында күрөшкө чыкты.
Жолчубеков финалдык беттеште ирандык Саманом Морад Абдоулини утуп, алтын медаль тагынды.
Ал эми Кенжээв өз кезегинде өзбекстандык Музаммадали Шамсиддиновдун үстүнөн жеңишке жетип, биринчи болду.
Мурдараак кыргызстандык балбандар эки коло, бир күмүш медал утушкан. Учурда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль бар.