БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандык үч дзюдочу Австрияда өтүп жаткан турнирге катышып жатканын КР дзюдо федерация билдирди.
Европанын ачык чемпионаты Оберварт шаарында өттүдө. Ага 50дөн ашык мамлекеттин спортчулары катышууда.
Кыргызстандык дзюдочулар Арген Бакытбек уулу менен Отар Бестаев 60 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.
Ал эми Отар Бестаев дагы алгачкы кармашында палестиналык Симон Якубду уткан. Экинчи атаандашы арегентиналык Эрнан Бирбриерди жеңгени менен жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште азербайжандык Давид Мамадсойго утулду. Сооротуучу беттеште португалиялык Нуно Карвальону жеңе алган эмес. Жыйынтыгында бешинчи орунга татыды.
Ал эми жекшемби күнү Владимир Золоев 80 килограмм салмакка чейинки категория боюнча беттешет.