Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору боюнча Россия Кыргызстанды айыптап кат жөнөткөн эмес

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Руслан Казакбаев Россия Кыргызстанды Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча милдеттерин так аткарбаганы боюнча кат келип, келбегенине кызыкты.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча милдеттерин так аткарбай койгону боюнча Россиядан айыптоо ирээтинде кат келген эмес. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында "Республика – Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимдин жокко чыгарылышы боюнча Россия Кыргызстанды өз милдеттерин так аткарбай койду деп айыптоо ирээтиндеги кат келип, келбегенине кызыккан. Жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев андай катты көрбөгөнүн жана анын келип, келбегенин так билбей турганын айткан болчу.

Курулуш ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын ГЭСинин курулушунда кызмат көрсөтүү үчүн тандалган эки компания из жашырып кеткен
КР президенти Алмазбек Атамбаев былтыр 24-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Россия Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашыралбай турганын билдирген.

Ал эми 2016-жылы 20-январда Жогорку Кеңеш ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну колдоого алган. Ал эми 22-январда президент Алмазбек Атамбаев келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга кол койгон.

Белгилей кетсек, Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу жөнүндө келишим Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2012-жылы 20-сентябрда Бишкек шаарында кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0