00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушунда кызмат көрсөтүү үчүн тандалган эки компания из жашырып кеткен

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКурулуш ишетри. Архив
Курулуш ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын ГЭСтин инфраструктурасына жумшалган 37 миллион доллар жогорулатылган деген жүйөсүнүн негизинде атайын комиссия түзүлүп, аны "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектеген.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку Нарын каскадына курулуп жаткан ГЭСтеги бир кВт/саат энергия 3,5 миң доллардан айланарын Александр Нарваев ЖКнын атайын комиссиясынын жыйынында билдирди. 

Адистерге таянуу менен дүйнөлүк тыжрыйбада ГЭСтерди курууда бир кВт электр энергиясы 1,5 миңге чейин болорун айткан комиссиянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго Нарваев учурдагы абал боюнча эсеп ушундай болорун баса белгиледи. 

ЖК комиссиянын атайын жыйынында Александр Нарваев тендерден кызмат көрсөтүү үчүн жеңишке жеткен эки компания учурда из жашырып, куйругун карматпай жүргөнүн айтты. 

Анын айтымында, бул — бетон чыгаруу үчүн жабдыктарды коюп берүүчү жана майдалап-сорттоочу компаниялар. 

"Бетон чыгаруу үчүн жабдыктарды коюп бере турган компанияга 6 миллион 828 миң сом төлөп берилген. Компания жабдууларды жарым-жартылай коюп берген. Ал эми майдалап-сорттоочу ишканага 7 миллион сом төлөнгөн. Бирок учурда бул компаниялар изин жашырып жүрөт", — деди Нарваев. 

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК Жогорку Нарын каскаддары боюнча РФке $37 млн. кайтаруу боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштайт
Ал ошондой эле жарнамалык кызмат үчүн 2 миллион сомго келишим түзүлүп акча которулганын, бирок 200 миң сомдук гана рекламалык иштер аткарылганын айтып, калган сумманы компания кайтарып бериши керектигин белгиледи. 

Эскерте кетсек, Жогорку Нарын каскаддарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган.

2016-жылдын январь айында Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюна Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кол коюлган келишим күчүн жоготуп денонсацияланган. Ал эми депутаттардын ГЭСтин инфраструктурасына жумшалган 37 миллион доллар жогорулатылган деген жүйөсүнүн негизинде атайын комиссия түзүлүп, аны "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектеген.

Комиссиянын алдын ала маалыматында курулушка чыныгы суммадан 2-3 эсе көбөйтүлгөн каражат сарпталганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0