БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тайпадагы атаандашы өзбекстандык команда футзал боюнча Азия чемпионатын ири жеңиш менен баштаганын Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Биринчи беттешүүдө Хосе Мария Мендездин оюнчулары Сауд Аравиянын футзалчыларын 5:2 эсеби менен жеңип алды. Ал эми тайпадагы кыргызстандык менен ливан командасынын беттешүүсү 4:4 эсеби менен аяктаган.
"В" тайпасында Азиянын 10 жолку чемпиону болгон Иран Иорданияны 6:0 эсеби менен утса, ирактыктар кытай оюнчуларын 6:1 эсеби менен жеңип алышты.
Бул тайпада Иран менен Ирак үчтөн упайга ээ болду.
Мелдеш Ташкентте өтүп жатат. 16 команданын ичинен суурулуп чыккан беш команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алат.