Мурдагы агент: Москва менен Асад Сирияда жеңишке жакындады

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириядагы Россиянын Су-25 учактары. Архив
Сириядагы Россиянын Су-25 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык экс-чалгынчынын пикиринде, эгерде Түркия Сирияда согуштук аракеттерин баштаса, НАТО аны оозеки гана колдоп, ал эми Россия абада кадимкидей артыкчылык кылары турган иш деп жазат.

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Башар Асаддын аскерлери Россиянын колдоосунун аркасында жеңишке жакындады деп жазды Жакынкы Чыгыш боюнча адис, британиялык MI6 чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери Алистер Крук Huffington Post сайтына. 

ЖМК: Түркиянын ар бир бешинчи ишканасы Россия менен мамиленин азабын тартууда
Февралдын аягында сириялык армия Алеппонун чыгышындагы согушкерлерди Түркия тараптан камсыздап турган каналды бууп таштаган. Асаддын аскерлери чабуулун улантып, жакында Алепподогу согушкерлерди курчоого алат. Эгерде сириялык армия түндүктү карай жылып, күрддөр менен биригип кетсе, "Жебхат ан-Нусра" жана "Ислам мамлекети" топтору күчүн жоготот. 

Түркия менен чек арада "Ислам мамлекети" көзөмөлдөгөн бир гана коридор калат. Муну Евфраттан чыгышка карай кеткен аймагында жайгашкан сириялык күрддөр бууп салышы мүмкүн. Анкара аларга дарыянын батыш жээгине чыгууга жол бербей турганын айтканы менен күрддөр окуянын мындай өнүгүшүн четке какпайт деп жазат Крук. 

Москва Түркия менен Сириянын ортосундагы террорчулар көзөмөлдөп турган бардык каналдарды жабууга ниеттенип жаткандыгын буга чейин четин чыгарган жайы бар. Россиянын Коргоо министрлиги жакынкы күндөрү Түркия Сирияга кирүүгө камынып жаткандыгына далилдер бар экендигин айткан. 

Макаланын автору бул Москва тарабынан Анкара эскертүү экендигин четке какпайт. Эмне болгон күндө да эгерде Түркия Сирияда согуштук аракеттерин баштаса, НАТО аны оозеки гана колдоп, ал эми Россия абада кадимкидей артыкчылык кылары турган иш деп жазат мурдагы чалгынчы Крук.

"Сирияда абал батыштагы жоон топ саясатчылар айткандай бүдөмүк эмес, тескерисинче, аскердин жыйынтык так жана даана болчудай ", — деп белгилеген автор.

Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Эрдоган Сирияга кирип барышы мүмкүн
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр Женевада эмес, "Идлиб жана Алеппонун майдан талаасында" болот. 

Жыйынтыгында, Сирия күчтүү мамлекет катары чыга келип, ал эми Россия менен Иран жеңүүчүнүн позициясында кала бериши мүмкүн деп жазат Крук. Өздөрүнүн аныкталып, такталбаган аскердик интервенцияларына көнүп бүткөн Батыш өлкөлөрү үчүн муну кабыл алуу жеңил болбойт деп белгилеген автор.

Жаңылыктар түрмөгү
0