ЖМК: Эрдоган Сирияга кирип барышы мүмкүн

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириядагы согуш чечүүчү чекке жетти: өкмөттүн армиясы Сауд Аравиясы менен Түркия колдоп келген оппозициянын таш-талканын чыгарууда. Максатында жетпей калган Анкара согуштук аракеттерге белсениши мүмкүн экенин The Independent жазып чыкты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Түркия Сириядагы кырдаалга таасирин калтыруу үчүн чечүүчү кадамдарга барышы мүмкүн экенин The Independent басылмасы жазып чыкты деп билдирет РИА Новости.

Басылма жакынкы айлардагы окуянын өнүгүшү аймактын жеңүүчүсүн аныктай турганын белгилейт.

"Сирия президенти Башар Асаддын өкмөттүк аскери Россиянын авиациялык коргоосу алдында бир нече багыттар боюнча жылып бара жатат. Асадды куралчан оппозициянын жардамы менен тактан кулатууга багытталган Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын беш жылдык кампаниясы максатына жетпейт өңдүү", — деп айтылат макалада.

Басылманын маалыматы боюнча Европада жашаган сириялык күрддөрдүн мурунку лидери Омар Шейхмус улутташтарын ашкере кетпөөгө чакырып, Эрдогандын кийинки кадамын алдын алууга болбой турган адам экенин эскертет.

Сирия армиясы өлкө түштүгүндөгү стратегиялык маанидеги шаарды кайтарып алды
The Independent Түркия жеңилип бара жатканын басынтуу катары кабыл алса, согуштук аракеттерге барарын божомолдойт.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Жерар Шалианддын айтымында, Сирияга кирип баруу Эрдогандын колунан келе турган иш, анын бул аракетин керек болсо Россия да токтото албайт. Муну менен катар күрддөрдүн айрым лидерлери эгер Эрдогандын Сирияга чабуул жасоо ниети болсо, ал Россиянын Су-24 учагы атып түшүрүлгөнгө чейин эле оюн ишке ашырмак деп эсептейт.

Учурда Сирияда Россия, Иран, Ливандын колдоосу менен Асаддын армиясы үстөмдүк кылууда, ал эми Сауд Аравиясы, Катар жана Түркиядан куралган үчилтик жеңилүүгө дуушар болуп жатат. Мында Түркия ачык согуштук аракеттерин баштан окуянын жүрүшүн өзгөртүп жибере ала турган мамлекет болуп саналат. Бирок басылма чындап келгенде сирия чыр-чатагын Россия менен АКШ гана жөнгө сала аларын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0