БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынынын "Пулково" аэропортунан Бишкек жана Ош шаарларына авикаттам ачылганын Sputnik Кыргызстан агентигине "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург — Ош каттамы февраль айында аптанын шаршемби, жекшемби күндөрү жүрөт. Ал эми марттан баштап, шаршемби, ишемби күндөрү учат.
Санкт-Петербург — Бишкек каттамы апрелге чейин аптанын шейшемби күнү учса, андан ары шейшемби, жума күндөрү ишин улантат.
Санкт-Петербург — Ош авиакаттамынын бир тараптуу багыты орто эсеп менен 7968 сомду түзсө, Бишкекке чейинки авикаттам баасы 5903 сомго бааланган.
Жүргүнчүлөдү Airbus A320, Airbus A321 учактары ташыйт.