БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын уурдап кеткендер колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 19-январында болгон. Мындан машина ээсине 20 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени айтылууда. Милиция унаа ээсинин арызынын негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Таш-Көмүр шаарынын 27 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.