Ысык-Көл облусунун башчылыгына Аскат Акибаев дайындалат

© Салтанат СарыкееваЫсык-Көл облустук коллегиясы. Архив
Ысык-Көл облустук коллегиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустун жаңы жетекчисин вице-премьер Олег Панкратов администрациянын эмгек жамаатына тааныштырат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнүн башчылыгыгына Аскат Акибаев дайындалат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Жолдубаева кызматтан кетпейт
Бүгүн Каракол шаарында Ысык-Көл облустук коллегия өтүп, ага вице-премьер Олег Панкратов катышууда. 

Маалыматтарда, облустун жаңы жетекчисин Олег Панкратов администрациянын эмгек жамаатына тааныштырат.

Акибаев буга чейин Ысык-Көл обулусундагы "Аврора" санаторийин 2011-жылдан жетектеп келген.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев отставкага кетип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0