БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган жогорку ылдамдыктагы каттамдарды киргизүү — быйылкы жылдын маанилүү маселелеринин бири экенин мэриянын коллегиясында Кубанычбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, быйыл борбор калаага 50 троллейбус келет.
"2016-жылга коюлган милдеттердин бири болуп Бишкектин түштүгүнөн түндүгүнө чейинки жогорку ылдамдыктагы автобустарды ишке киргизүү саналат", — деди мэр.
Шаар башчысы буга даярдык көрүлүш керектигин белгиледи. Анын айтымында, жарыктандыруу системасы дагы бир көйгөй болуп эсептелет.
"Күн сайын электриктер келип кол менен электр өчүргүчтөрүн күйгүзүп жатышы — баарыбыз үчүн уят. Бул XXI кылымда жасала турган иш эмес!", — деди Кулматов.
Учурда борбор калаада диоддук лампаларды коюу иштери жүрүп жатат.