Екатеринбургда кыргызстандык кичинекей кыз 21 күндөн бери изделүүдө

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбург шаарына көрүнүш. Архив
Екатеринбург шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызды полициядан сырткары, россиялык издөө отряддары менен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү издеп жатат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Екатеринбург шаарында жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы полиция жана ыктыярдуу издөө топторунун аракетине карабастан 21 күндөн бери табыла элек. Бул туурасында КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консул Төлөнбай Кожобаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Москва шаары, кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Патриоттор" скинхеддерден бешбетер үшүбүздү алып койду — Москвадагы мигрант кыз
2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлигинин Екатеринбург боюнча башкармалыгы издөө иштерин баштаган.

Кожобаевдин айтымында, издөө иштерин милиция, андан сырткары жергиликтүү издөө отряды жана кыргыз уюмдары жүргүзүүдө.

"Тилекке каршы, кыз азыр табыла элек. Бир аз убакыт мурдагы жолугушууда аймактык комитеттин жетекчиси издөө иштерине полиция жана башка укук коргоо органдарынын кызматтарынын тартылганын айтты. Андан сырткары "Сокол" аттуу жергиликтүү издөө отряды, мекендештердин "Урал-Кыргызстан" уюмунун балдары да издөөдө",— деди Кожобаев.

Азырынча Айганыш боюнча жаңы жагдайлар жок. Болгону анын жалгыз эмес жүргөндүгүн көрдүк деген такталбаган маалыматтар келип түшкөн.

"16-17 жаштагы славян түспөлдүү жигит менен жүргөндүгүн көргөндөр бар деген имиштер да айтылып жатат. Бул сөздөр кызды издеген кээ бир топтор тарабынан айтылган, бирок, бул такталбаган маалымат", — деди башкы консул.

Россиялык маалымат каражаттарына кыз жашап турган туугандары анын айран уурдап дүкөндүн кызматкерлерине кармалганын, алар азык-түлүк менен акчасын алып койгондугун айтып беришкен. 

Башкы консул Кожобаев укук коргоо органдарынын иликтөө иштеринде кыздын жоголушу боюнча бир нече версиялар айтылып жаткандыгын, жагдай боюнча суроо жараткан учурлар пайда болгондугун билдирди.

Россиядан жоголгон улан Кыргызстандан табылды
Туугандары кыздын дүкөндөн качып чыккандыгын айтышкан, бирок, орнотулган байкоо камерасында өспүрүм жай баракат чыгып, ал тургай сейилдегенге окшош учурлар тартылып калган.

"Менин кооптонгонум, туугандары супер маркетке киргенден кийин, ал жерден качып чыккан дешкен эле. Тергөө комитеттин өкүлдөрү, психологдор видео камераны карап чыгып кыздын корккон, кооптонгон маанайда эмес, жайбаракат чыкканын айтышты. Камерага үйлөрдү аралап басып, балдар аянтчасына барып ал тургай бир аз ойногондугу тартылып калган. Адистер качып, элеңдеп коркпостон, бара турган жагын билгендей кетип баратканын боолголосок болот деген пикирлерин айтышты",— деди башкы консул.

Укук коргоо органдарынын маалыматтарында, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну 13 жаштагы Канат кызы Айганыш — үйдүн улуусу, андан кийин үч бир тууганы бар. Энесинин Екатеринбург шаарында жашаган туугандары "бала каратабыз, кийим-кече алып берип, кийин окутабыз" деп эки жыл мурда Россияга алып кеткен. 

Кыздын энеси 36 жашта, учурда Мырза-Аке айылында жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0