БИШКЕК, 19 янв — Sputnik. Окуучулардын ден соолугун чыңдоого багытталган комплекстик программа иштелүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, комплекстик иш-чараларды өткөрүү окуучулардын ден соолугунун начарлашына байланыштуу болгон.
Программанын биринчи этабына кенже класстарга берилчү ысык тамак кирет.
Мындан сырткары медициналык тейлөө, профилактикалык жана спорттук иш-чаралар дагы программанын алкагында жүргүзүлөт. Ата-энелер менен дагы өзүнчө иш алып барылат.
Кошумча интеллектуалдык жана социалдык иш-чаралар да өткөрүлүп турмакчы.