00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ботаникалык бак: илимий өнүгүү, реконструкция жана коомдук талкуулар
11:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация АПК: что меняется для фермеров и экспортеров Кыргызстана
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зергерлер салыктан бошотулду — эми көмүскө экономикадан чыгуу мүмкүнбү?
13:05
33 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как Национальная олимпиада для школьников формирует кадровую базу будущего
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинен мамлекеттик органдарга корпоратив өткөрүүгө, жетекчилерине кызматкерлерден белек алууга тыюу салып, чектөө бөбөктөргө арналган иш-чараларга тиешелүү эместигин билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул чара ашыкча чыгымдарды алдын алуу максатында кабыл алынганын белгилеген."Айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла", — деген Касымалиев.
Өлкөдө 526 мектеп КРВИ жана гриппке байланыштуу онлайн-окууга өткөрүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.Ошондой эле инкубациялык мезгилге байланыштуу 403 бала бакча убактылуу жабылган."Анткен менен өткөн аптага салыштырмалуу илдетти жуктуруп алгандар 11,7 пайызга азайып, 37 миң 629 учур катталган. Ооругандардын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт", — деп министрликтен билдиришти.
Автоунаанын техникалык паспортунун жаңы үлгүсү бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынан билдиришти.Жаңы техпаспорт поликарбонаттан жасалып, көпкө колдонууга ылайыкташкан жана механикалык, химиялык таасирлерге туруктуу экени белгиленди. Андагы маалыматтар лазер менен чегилип жазылат."Жаңы техпаспорт заманбап стандарттарга толук жооп берип, жогорку деңгээлдеги коргоочу элементтер менен камсыздалган", — деп белгилеген президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.Ошондой эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргени айтылды. Ал адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөрү белгиленген.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина аймактарынан кол жууганын айтып, кризистин түйүнү чечилгени калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ал кырдаалды жөнгө салууда чоң жылыштар бар экенин айткан. Айрыкча Москва да кырдаалды жөнгө салууга умтулуп жатканын баса белгилеп, тараптар орток позиция табарына ишеним арткан."Азыр биз жаңжалды аягына чыгарууга мурда-кийин болуп көрбөгөндөй жакындадык. Россия деле, Украина деле маселеге чекит коюуну каалап жатат. Бирок кайра эле ойлорун өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан биз аларды бир пикирге келүүгө мажбурлашыбыз керек", — деген АКШ лидери.Трамп РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн, бирок ал качан болгонун тактаган эмес. Ошондой эле ал Германияда болгон тынчтык процесси боюнча акыркы жолугушууларды абдан жакшы деп баалаган. Жекшемби күнү Берлинде АКШ – Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтүп, анда 20 пунктудан турган план, экономикалык жана башка маселелер талкууланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0