00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын штаб-квартирасында күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпы 60 генерал катышты. Алгач чакырылган конокторго УКМКнын штаб-квартирасында чакан экскурсия уюштурулуп, алар жаңы имаратта коопсуздук кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты. Андан соң Ташиев күч түзүмдөрүнүн жогорку аскердик наамынын ээлерине кайрылып, алардын ар биринин эмгеги, басып өткөн жолу, ишмердиги мамлекет үчүн маанилүү жана унутулгус экенин баса белгиледи.Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө генералдардын ар бирине президентинин атынан акчалай сыйлык берилди.
Бишкекте абанын сапаты жакшырды. Абанын сапатына көз салган World Air Quality уюмунун сайтында бүгүн, 16-декабрга карата жарыяланган маалыматка таянсак, Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү 127 ири шаардын ичинен 37-орунду ээледи. Анда абанын сапаты тууралуу индексте борбор калаанын абасынын булганышы 82 көрсөткүчүн көрсөттү. Бул “орточо булганган” дегенди билдирет. Мындай сары деңгээлде таза абада сейилдөөгө болот.Бишкектикиндей орточо көрсөткүч Ташкент, Рим, Сеул, Доха, Стамбул, Дубай, Пекин, Баку жана башка шаарларда да байкалды. Дүйнөдөгү абасы эң кир делген алдынкы бештикке Пакистандын Лахор шаары, Индиянын борбору Дели, Босния жана Герцеговинанын шаары Сараево, Бангладештеги Дакка шаары жана Пакистандын Карачи шаары кирди. Белгилей кетсек, индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.
Европада Россия тууралуу туура пикирин билдиргендерге тоскоолдук кылып, бөгөт болгон учурлар арбыды. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. "Чындыгын айтканда, Россиянын акчасын уурдоого болобу же болбойбу деген нерседе алардын ичинде өз ара талаш-тартыш болууда. Орундуу пикир айткандар болууда, бирок Брюсселден алардын үнүн басууга аракеттенгендер бар", — деди министр Ирандын мамлекеттик телерадио корпорациясына берген интервьюсунда.Москва шаарындагы Арбитраждык сотко Борбордук банктын Euroclear депозитарийине каршы 18 триллион рублден ашык суммадагы доо арызы түшкөнү маалым болду. Банк мындай чечимди Евробиримдик тоңдурган активдерди уурдоого жасалган аракеттерге байланыштуу кабыл алган. Брюссель бул каражаттарды кийин Украинаны каржылоого багыттоону көздөп жатат. Лавров Европа тарыхта бир топ апааттардын булагы болгонун эске салып, кул ээлөөчүлүктү, жортуулдарды, колония болууну жана дүйнөлүк согуштарды санап өттү. Андан сырткары, Европа Украинада тынчтык орнотууга жаралган мүмкүнчүлүктү тоготпой жаткандыгын кошумчалады."Батыш чыныгы фактыларга тиешелүү нерселердин баарын кулак сыртынан кетирип жатат. Бул тууралуу БУУда, ЕККУда улам-улам эскертип келебиз. Мен Москвада аккредитациядан өткөн элчилер менен он чакты ирет жолуктум. Анда украин кризисинин айланасындагы кырдаал боюнча документалдуу далилдерди жана биздин анализди сунуштадык. Батышка бул тууралуу башынан эле эскертилген ", — деди министр.
Жаңылыктар түрмөгү
0