00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ботаникалык бак: илимий өнүгүү, реконструкция жана коомдук талкуулар
11:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация АПК: что меняется для фермеров и экспортеров Кыргызстана
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зергерлер салыктан бошотулду — эми көмүскө экономикадан чыгуу мүмкүнбү?
13:05
33 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как Национальная олимпиада для школьников формирует кадровую базу будущего
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эртең Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берет. Ошондой эле БШК депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат. Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял. №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.
Кыргызстанда egov.kg бирдиктүү мамлекеттик порталы ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, аталган интернет-ресурс мамлекет менен жарандар ортосундагы байланышты ачык-айкын уюштуруп, калкты ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. "Портал аркылуу колдонуучулар министрликтердин расмий маалыматтарын, негизги документтерин тез жана оңой таба алышат. Учурда бардык мамлекеттик органдарды этап-этабы менен жаңы платформага өткөрүү иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта. Портал аркылуу расмий органдардын кабарларын гана албастан, "Түндүк" тиркемесинде жеткиликтүү болгон айрым мамлекеттик кызматтарды да алууга болот.
Кыргызстандын эркин экономикалык аймактары инвестицияларды ийгиликтүү тартууну жана өндүрүштү өнүктүрүүнү улантууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров "Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес" форумунда билдирди. Анын маалыматына караганда, 2022-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейин эркин экономикалык аймактар 5,1 млрд сомдон ашык инвестиция тарткан, ал эми бюджетке түшкөн каражаттар 10 млрд сомдон ашты. "Бүгүнкү күндө 330дан ашык ишкана иштеп жатат, алардын ичинде өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөчү технологиялык өндүрүштөр, ошондой эле импортту алмаштыруучу ишканалар бар. Жаңы индустриалдык кластерлер жана өндүрүш паркы түзүлүүдө, ал эми салыктык жеңилдиктер жана жөнөкөйлөтүлгөн процедуралар эркин экономикалык аймактарды бизнес үчүн жагымдуу кылат", - деди ал.
Кыргызстандагы шаардык кеңештердин депутаттары таланттуу жаштарды колдоо максатында "Айтматовдун картасы" аттуу улуттук долбоорду иштеп чыгууну сунушташты. Бул демилге Россиядагы "Менделеевдин картасы" долбооруна окшоштурулуп жасалмакчы. "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун маалыматына таянсак, бул идея "Россияны тааны" программасынын алкагында уюштурулган кыргыз делегациясынын Москвага болгон сапарында пайда болгон. РФтин борборуна 62 депутат барган. Алар Россияда жаштар менен иштөө тажрыйбасын изилдеп, алдыңкы практикаларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыккан. Парламентарийлер өзгөчө "Менделеевдин картасы" долбооруна кызыккан.
Бишкекте 18-декабрь күнү соттолгондордун эмгектеринин "Үмүттүн кыл калеми" аттуу көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады. Экспозиция Эмен багында жайгашкан Чуйков атындагы көркөм галереяда өтөт"Бул эмгектер – кайрадан өзүнө ишенүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана өзгөрүүлөргө карай умтулууга үйрөнүп жаткан адамдардын үнү", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0