https://sputnik.kg/20251216/1098617901.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен жогору болгон уюмдар майыптыгы бар жарандар үчүн кеминде төрт пайыз жумуш ордун бөлүп берүүгө... 16.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-16T15:00+0600
2025-12-16T15:00+0600
2025-12-16T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/10/1098617735_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be9f7baab741012a0a8278bee9fd1965.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен жогору болгон уюмдар майыптыгы бар жарандар үчүн кеминде төрт пайыз жумуш ордун бөлүп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Алардын болжол менен 29 миңи иштөөгө даяр жана мүмкүнчүлүгү бар. "Ушул жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орношту, бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Ишканалар атайын квота бөлүү менен бирге майыптарга ийкемдүү жана толук эмес иш убактысын караган мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү жумуштары 62,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 155,6 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 62,4 пайыз аткарылды. Күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 147,6 миң гектар аянтты түзүп, анын 66,6 миң гектары кайрак жерлерге, 80,9 миң гектары сугат аянттарга себилди. Ал эми күздүк арпа жалпы 8037,5 гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2976,9 гектары сугат, 5060,6 гектары кайрак жерлерге туура келет.
Тышкы иштер министрлиги алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон кыргызстандык аял мекенине алып келингенин билдирди. ЖМКлардын маалыматына таянсак, аялды Таиландга жакшы төлөнгөн маяна аласың деп чакырышкан. Ал жакка баргандан кийин суроо-сопкутсуз Мьянмага жөнөтүп, алдамчылардын колл-борборунда иштөөгө мажбурлашкан. ТИМ эмгек мигрантын Мьянмадагы аскердик лагерде мыйзамсыз кармап турушканын айтышты. Аны эвакуациялоо боюнча Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги менен Таиланддагы ардактуу консулдугу биргелешип иш алып барган. ТИМден жыл ичинде баш-аягы 12 кыргызстандык Мьянмадан кайтарылганын билдиришти. Бул жарандарды эвакуациялоонун негизинде учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграция каналдарын жабуу жана алдамчылык аракеттерге каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды. Кандайдыр бир күмөн саноолор же суроолор пайда болгон учурда тиешелүү кеп-кеңеш жана колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине токтоосуз кайрылууну эскертишти.
Россияны алсыратууга багытталган санкциялар тескери натыйжа берип, Батыш өлкөлөрүнүн экономикасын чөгөлөттү. Бул тууралуу Италиянын вице-премьер-министри Маттео Сальвини Corriere della Sera ресурсуна берген маегинде билдирген. Өкмөт мүчөсү төрт жылга созулган согуштан кийин киргизилген санкциялардын 19 пакети, тескерисинче, өздөрүнүн экономикасын тизелетип, италиялыктардын электр энергиясы үчүн төлөмдөрүн кескин кымбаттатканын айткан. Саясатчы бул жагдай Москва тарабынан аскердик коркунуч бар деген жүйө менен Европаны куралдандыруу маселесине өтө этият мамиле кылууга мажбурлап жатканына токтолгон. басымды күчөткөн. Бул өз кезегинде Европада да, АКШда да электр кубатынын, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн бааларынын өсүшүнө алып келген. Ошол эле учурда Россия санкциялык басымга туруштук берип жатканы белгиленет. Ал эми Батыштын өзүндө да киргизилген чектөөлөр майнапсыз деген пикирлер бир нече ирет айтылган.
Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен жогору болгон уюмдар майыптыгы бар жарандар үчүн кеминде төрт пайыз жумуш ордун бөлүп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Алардын болжол менен 29 миңи иштөөгө даяр жана мүмкүнчүлүгү бар. "Ушул жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орношту, бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Ишканалар атайын квота бөлүү менен бирге майыптарга ийкемдүү жана толук эмес иш убактысын караган мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү жумуштары 62,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 155,6 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 62,4 пайыз аткарылды. Күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 147,6 миң гектар аянтты түзүп, анын 66,6 миң гектары кайрак жерлерге, 80,9 миң гектары сугат аянттарга себилди. Ал эми күздүк арпа жалпы 8037,5 гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2976,9 гектары сугат, 5060,6 гектары кайрак жерлерге туура келет. Тышкы иштер министрлиги алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон кыргызстандык аял мекенине алып келингенин билдирди. ЖМКлардын маалыматына таянсак, аялды Таиландга жакшы төлөнгөн маяна аласың деп чакырышкан. Ал жакка баргандан кийин суроо-сопкутсуз Мьянмага жөнөтүп, алдамчылардын колл-борборунда иштөөгө мажбурлашкан. ТИМ эмгек мигрантын Мьянмадагы аскердик лагерде мыйзамсыз кармап турушканын айтышты. Аны эвакуациялоо боюнча Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги менен Таиланддагы ардактуу консулдугу биргелешип иш алып барган. ТИМден жыл ичинде баш-аягы 12 кыргызстандык Мьянмадан кайтарылганын билдиришти. Бул жарандарды эвакуациялоонун негизинде учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграция каналдарын жабуу жана алдамчылык аракеттерге каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды. Кандайдыр бир күмөн саноолор же суроолор пайда болгон учурда тиешелүү кеп-кеңеш жана колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине токтоосуз кайрылууну эскертишти.Россияны алсыратууга багытталган санкциялар тескери натыйжа берип, Батыш өлкөлөрүнүн экономикасын чөгөлөттү. Бул тууралуу Италиянын вице-премьер-министри Маттео Сальвини Corriere della Sera ресурсуна берген маегинде билдирген. Өкмөт мүчөсү төрт жылга созулган согуштан кийин киргизилген санкциялардын 19 пакети, тескерисинче, өздөрүнүн экономикасын тизелетип, италиялыктардын электр энергиясы үчүн төлөмдөрүн кескин кымбаттатканын айткан. Саясатчы бул жагдай Москва тарабынан аскердик коркунуч бар деген жүйө менен Европаны куралдандыруу маселесине өтө этият мамиле кылууга мажбурлап жатканына токтолгон. басымды күчөткөн. Бул өз кезегинде Европада да, АКШда да электр кубатынын, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн бааларынын өсүшүнө алып келген. Ошол эле учурда Россия санкциялык басымга туруштук берип жатканы белгиленет. Ал эми Батыштын өзүндө да киргизилген чектөөлөр майнапсыз деген пикирлер бир нече ирет айтылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/10/1098617735_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f709405fe522497f68d0c2c7674eb222.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио