Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон дүйнөдөгү маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөттөгү ирмемдерин тартуулайт.
Аргентиналык Лионель Месси жаңы рекорд коюп, бешинчи ирет "Алтын топко" ээ болду. Бангладештин борбору Дакка шаарынан 40 чакырым алыстыктагы аймакта жыл сайын өтүүчү мусулмандардын үч күндүк жолугушуусу болуп, ал миллиондогон адамдардын башын бириктирди. Буркина-Фасонун борбору Уагадугу шаарында белгисиз адамдар кафеге чабуул койсо, ал эми жекшемби күнү Хавиж аймагын "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринен бошотуу үчүн Ирак армиясынын операциясы башталды.
12-январь күнү АШК президенти Барак Обама өлкө башчы катары акыркы ирет конгресс алдына чыгып, кайрылуу жолдоду.
Бейшемби күнү Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бир катар жарылуу болуп өттү.
Израилдин кыштактарынын биринде чыйырчыктардын ири топ болуп учкан — мурмурация табигый көрүнүшү катталды. Мында миңдеген канаттуу бирде жайылып, бирде кайра кошулуп укмуштуудай нерселердин формасын берет. Бул феноменди ушу кезге чейин татаал компьютердик моделдердин жардамы менен да түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбой келет.
Чыйырчыктардын ири топ болуп учушу. Канаттуулар израилдик кыштактын үстүнөн учуп өтүшкөн. Мында миңдеген канаттуу бирде жайылып, бирде кайра кошулуп укмуштуудай нерселердин формасын берет. Бул феноменди ушу кезге чейин татаал компьютердик моделдердин жардамы менен да түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбой келет
АКШнын Парк-Сити шаарында өтүп жаткан дүйнө кубогунда Нико Вальтер башында турган немис экипажы 1 мүнөт 36,38 секунд менен биринчи келди. Экинчи орунду да германиялык топ ээлесе, үчүнчү орун швейцариялыктардын энчисине тийди
Германиянын Рупольдинг шаарында биатлон боюнча өтүп жаткан дүйнө кубогунун индивидуалдуу жарышка түшкөн канадалык спортчу Жулия Рэнсом. Биатлончу бута атуу алдында
Алып баруучу Брэдли Жеймс Калифорнияда өтүп жаткан "Сынчылардын тандоосу" аттуу сыйлык тапшыруу аземинде актер Жакоб Тремблей үчүн микрофонду түшүрүп берип жатат. Жакоб "Комната" тасмасындагы ролу менен "Мыкты жаш актер" номинациясында жеңишке жетишкен. Аталган сыйлык телеканал, радио жана интернет басылмаларда иштеген киносынчылардын ассоциациясы тарабынан берилет. Уюм 250 адамдан туруп, Түндүк Америкадагы ири бирикме болуп саналат
Буркина-Фасонун борбору Уагадуга шаарындагы Splendid мейманканасында белгисиз адамдар алгач чабуул жасап, андан соң бир нече адамды барымтага алышкан. Террорчулардын колунан 18 өлкөдөн келген 30 адам көз жумган. SITE мониторинг жүргүзүү тобунун маалыматы боюнча, чабуулду ноябрь айында Малинин борборундагы мейманканалардын бирин басып алган "Аль-Мурабитун" тобу ишке ашырган
Жакартанын чок ортосунда бир нече жолу жардыруу болду. Аны 10-15 согушкер менен жанкечтилерден турган топ ишке ашырган. Эки адам каза болуп, беш террорчу жок кылынды. Терактылардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик тобу моюндады
Жарым миллиондон ашуун зыяратчылар менен аскеттер Ганг суусунун Бенгал куймасына куйган жеринде "ыйык тазалануу" үчүн чогулушту. Бул Макара-санкранти — индус түшүм майрамына карата өткөрүлгөн жөрөлгө
АКШнын вице-президенти Жо Байден менен Барак Обама өлкө башчынын Улуттук конгресске кайрылуу жасап жаткан мезгилинде. Эскерте кетсек, 12-январда Обама президент катары акыркы жолу конгресс алдына кайрылуу менен чыкты
Цюрихте ФИФАнын "Алтын тобун" тапшыруу салтанатындагы Жеймс Несбитт, Карли Ллойд, Криштиану Роналду, Селия Сашич жана Неймар. Бул жылы "Алтын топ" аргентиналык Лионель Мессинин энчисине тийди. Ал Роналду менен Неймардан добуш берүү жыйынтыгы менен озуп кетти. Ага 165 машыктыруучу, 162 улуттук командалардын капитандары жана 171 журналист катышкан
Нидерландыдагы Тексель аралында жээкке чыгып калган беш кашалоттун үчөө. Түндүк аймакта өткөн апта аралыгында 12 кашалот Германия менен Нидерландынын жээктерине чыгып калган. Эксперттердин айтымында, жаныбарлар Түндүк деңизде адашып калышкан. Негизинен кашалоттор бир нече миңдеген тереңдиктеги сууда жашайт. Ал эми Түндүк деңиз тайыздыгынан улам, кашалоттор үчүн өтө кооптуу жай болуп саналат
Ирактын Хавижа шаарында үй-бүлөсү менен жихадчылардан качып жарадар болгон бала. Аль-Фатиха шаарында жардам берилип жатат. Жекшемби күнү "Ислам мамлекети" террористтик тобу басып алган Хавиж районун бошотуу боюнча операция баштады
Мельбурнда дөңгөлөк сакталган жайда өрт чыкты. Бийлик жергиликтүү тургундарды эшик-терезенин баарын жаап, вентиляция, кондиционер жана жылуулук системасын өчүрүүсүн талап кылган. Анткени күйгөн желимдин жыты организм үчүн уулуу келет
Бангладештин Тонго шаарында жыл сайын мусулмандардын үч күндүк массалык жолугушуусу өтөт — тынч митинг же мусулмандардын Bishwa Ijtema дүйнөлүк бирикмеси миллиондогон адамдардын башын бириктирет.