БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 271 кылмыш иши катталып, эки киши өлтүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 238 кылмыш ишинин бети ачылып, төртөө изи сууй электе колго түшкөн. Андан сырткары Бишкек шаарында бир селсаяк жана Балыкчы шаарынан бир киши өлтүрүлгөн.
Жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, республика боюнча 31-декабрдан 1-январга караган түнү 19 жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болуп, 29 киши түрдүү жаракаттарды алган.
"Сокулук менен Кеминде эки кишини машина сүзүп кеткен", — дейт аталган кызмат.
Былтыр дал ушул күнү 20 жол кырсыгы катталып, 4 киши каза болуп, 24 киши жаракат алганын Жол кайгуул кызматынан кошумчалашты.