"Совет доору маалында биз "темир көшөгө" артында болдук, ошентсе да бизге таанышуу үчүн башка мамлекетте тартылган кинолор келип турчу. Кинематографисттер союзунун мүчөлөрү үчүн кээде жабык кино көрсөтүүлөр болчу. Беш кинонун төртөөндө сөзсүз түрдө "ачык" сценалар бар эле. Мындай кинолорго шаар боюнча агылып келишчү. Кээде өтө ардактуулар үчүн кино кайтадан көргөзүлчү", — дейт Федоров.
Ал ошондой эле, кыргыз киносунда мындай ачык сценаларды тарткан режиссер Андрон Кончаловский болгонун эскерет. Анын "Биринчи мугалим" тасмасындагы кадр көптөгөн талкууларга себеп болгон. Режиссер Мамкино жана СССР Компартиясы менен көпкө созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Чыңгыз Айтматовдун жана Сергей Михалковдун кийлигишүүсү менен аталган кадр киного кирген.

1/14
© Александр Федоров
Режиссер Геннадий Базаровдун "Аномалия" тасмасынан көрүнүш

2/14
© Александр Федоров
"Манас ааламы" киносун тартуу учуру. Мелис Убукеев актрисага кандай ойноо керектигин түшүндүрүүдө

"Сүйүү закымы" тасмасындагы киного кирбей калган жалгыз кадр

4/14
© Александр Федоров
Болот Шамшиев "Ак кеме" тасмасында бир уруунун тукум курут болгон трагедиясын көрсөтүү үчүн зулумдардан качып келе жаткан жылаңач кызды көрсөтүшкөн

5/14
© Фото / Александр Федоров
"Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасындагы көрүнүш. Аялды маңдай тери, таман акысы менен нан таап жатканын көрсөтүшкөн

6/14
© Александр Федоров
Андрей Кончаловскийдин "Биринчи мугалим" тасмасынан көрүнүш көптөгөн талаш-тартыш жараткан. Алтынайдын нөшөрлөгөн жаанда сууга киринип жаткан учуру

7/14
© Александр Федоров
Замир Эралиевдин "Шайтандын мөөрү" тасмасындагы көрүнүш

8/14
© Александр Федоров
Георгий Николаенконун "Качкын" тасмасындагы кадр

Геннадий Базаров "Аномалия" тасмасын 1992-жылы тарткан. Тасмадан бир көрүнүш

10/14
© Александр Федоров
Юрий Борецкийдин "Сюда прилетают лебеди" тасмасынан

11/14
© Александр Федоров
Режиссер Юрий Борецкий 1973-жылы тарткан "Шаркыратма" тасмасын

12/14
© Александр Федоров
"Манас ааламы" тасмасын тартууда күндүн көзү көрүнбөй бир канча күн нөшөрлөп жаан жааган. Жалаңач кыздар атка минип көлдү көздөй жөнөгөндө күн ачылып, булуттарды шамал айдап кеткен

13/14
© Александр Федоров
"Сүйүү закымы" тасмасындагы бийчи кыздар үчүн атайын териден кийим тигилген

14/14
© Александр Федоров
Геннадий Базаров актерлерго сценарийди түшүндүрүп жатат.