Жаңы жылдык корпоративдер арабөк калышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылдык майрамдык жүрүш. Архив
Жаңы жылдык майрамдык жүрүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы ири ишканалардын көбү каатчылыктан улам массалык түрдө жаңы жылдык отуруштан баш тартууну ылайык көрүүдө. Кимдин бирөө каражат үнөмдөсө, айрымдары ага кеткен акчаны пайдалуу нерселерге жумшоону туура көрөт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жаңы 2016-жылдын босогодон аттап кирерине саналуу күндөр калды. Бул майрамды иштегендердин көбү жамааты менен чогуу тосуу салтка айланган. Шаан-шөкөттүү кече ар кайсы булактардан каржыланып келет. Кимдир бирөө ортого чогултса, кээси өз ишканасынын эсебинен ырдап-чоордогонду оң көрөт.

Айрым мамлекеттик мекемелер майрамдарды өткөрүүгө өз бюджетинен каржылаганды адатка айландырган. Мисалы "Манас" Эл аралык аэропорту" жаңы жылдык корпоратив өткөрүү үчүн атайын тендер жарыялап, ага 1,5 миллион сом коротууга даяр экенин билдирген. Отурушка 350 адамдын келүүсү каралган.

Жаңы жылдык корпоративде "Манас" аэропорту 1,5 млн. сомго шапар тебет
Бирок социалдык тармактардагы коомчулуктун сын-пикиринен улам аэропорт жаңы жылдык корпоративден баш тартууну чечкен. Компания мындай кадамды каражат үнөмдөө далалаты катары түшүндүрдү.

Балким көпчүлүктүн кээринен кооптонгон мекемелер учурдагы экономикалык каатчылыктан улам шаан-шөкөттүү кече өткөрүү канчалык туура болорун ойлонуп калышкандыр.

Sputnik агенттигине берген маегинде Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев корпоративден баш тартуу учурда жамаатта кызууга талкууланып жатканын айтты.

"Майрамдык отуруштан баш тартуу менен бир топ акча үнөмдөй турганыбызды түшүнүп турабыз. Бирок коллективде жаштар көп, шаан-шөкөттү жакшы көрүшөт. Адатта корпоративге аймактардагы кызматкерлерибизди кошо чакырчу элек. Бул бир чети жалпы жамааттын башын бириктирүүгө жакшы аянтча болчу. Быйыл анысы жок эле жаңы жыл тосуп калышыбыз да мүмкүн", — деди төрага. 

Зилалиев акыркы чечим кабыл алына электигин белгилеп, отуруш кызматкерлердин чөнтөгүнөн каржыланышы ыктымал экенин кошумчалады.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы жаңы жылдык кечеден баш тартып, өз кызматкерлери үчүн тимбилдинг (команда куроо) уюштурууну эп көргөн. Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мирбек Молдокуновдун айтымында, учурда иш-чаранын форматы аныкталып жатат. Ал эми үнөмдөлгөн акча кайрымдуулукка сарпталмакчы.

"Биз жалпы республика боюнча балдар үйлөрүн камтууну чечтик. Тийиштүү тиричилик техникасын, оюнчук, белек-бечкектерди сатып алып, балдар үчүн театрлаштырылган оюн-зоок уюштурууну пландап жатабыз. Учурда керектүү нерселердин тизмеси түзүлүп жатат", — деди ал. 

Молдакунов кайрымдуулукка ири көлөмдөгү акча жумшала турганын белгилеп, бирок каражаттын так санын айткан жок. 

Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы балаты "Ала-Тоо" аянтында 19-декабрь күнү жандырылат
"Электр станциялары" ишканасы бир дагы майрамды корпоратив менен белгилебей турганын билдирди. Алардын айтымында, жамаат 21-декабрда белгиленүүчү Энергетик күнүн гана майрамдайт.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги жаңы жылдык отуруш өткөрмөй болушту. Учурда кече өтө турган жай жана анын убактысы такталып жатат.

Коомдук телерадиокорпорациясында жаңы жылдык отуруштар сөзсүз түрдө 25-декбардан 30-декабрга чейин өтө турганын каналдын башкы директору Илим Карыпбеков айтып берди. Ал ар бир студия майрамды өз-өзүнчө өткөрө турганын белгиледи. Каналда жалпы жонунан миңдей адам иштейт.

"Бирок биз эч качан майрамдарды бюджеттин эсебинен өткөргөн эмеспиз. Быйыл деле өз чөнтөгүбүздөн чыгарабыз. Директор катары мен алардын бардыгында болушум керек. Мындан улам таптакыр бош болбой калдым окшойт", — деди ал. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси Кубатбек Боронов анын кызматкерлеринин отурушка чогулуу, андан да бюджеттин эсебинен майрамдоо адаты жок экенин билдирди.

"Эч кандай шаан-шөкөтсүз эле жөнөкөй майрамдайбыз", — деди министр.

Жогорку Кеңештин депутаттары да акталбаган чыгымга батууну туура көрбөй, жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан. 

Депутат Алтынай Өмүрбекова, фракциялар өз-өзүнчө чогулушу мүмкүн экенин, бирок мамлекеттин казынасына кол салынбай турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0