БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернаттагы өрттө каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ ишембиде психоневрологиялык интернатта өрт чыгып, акыркы маалыматтар боюнча жыйырмадан ашык киши каза болгон.
Атамбаев каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө Кыргызстан элинин атынан көңүл айтып, аларга кайрат кылууга чакырды.