Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович. Өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Тынчтыкбек Конушбаев. Архив
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынчтыкбек Конушбаев 1961-жылдын 9-сентябрында Жайыл районунун Суусамыр айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-1985-жылы Алма-Атадагы технологический техникумдан механик болуп чыккан. 1986-1990-жылы Московадагы тамак-аш өнөр жайы боюнча институтунан экономист адистигин алып чыккан.

Эмгек жолу. 

  • 1984-1986-жылдары — "Кооптортехник" заводунда иштеген.
  • 1986-1988-жыл — Биринчи Май райондук мөмө-жемиштерди конторасында эмгектенген. 
  • 1988-1992-жыл — шаардык даярдоо базаларына которулуп, иштеген.
  • 1992-1994-жыл —Шампан- винкомбинатта жөнөкөй жумушчулуктан тарта, маркетинг бөлүмүнүн жетекчилигине чейин иштеген.
  • 1998-1999-жыл — "Кыргызшампаны – Камекс" биргелешкен Соода Үйүнүн директорлугунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. 

Учурда "Байтур" корпорацииясынын президенти.

Сыйлыктары: 

Улуттар арасындагы ынтымакты бекемдеп жана республиканын социалдык-экономикалык, руханий жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

2015-жылы — экинчи ирет "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0