БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Үй-бүлөдө эркектер тарабынан көрсөтүлгөн зомбулукту жок кылуу максатында Бишкек шаарынын тургундары "Үй-бүлөдө тынчтык" аттуу окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Бул окуу "Эркектер зомбулукка каршы" коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.
Окутуунун максаты үй-бүлөдө эркектер тарабынан көрсөтүлгөн зомбулукту жок кылуу болуп эсептелинет. Бардык катышуучуларга психологдор тарабынан эмоциялык абалда кармана билүү, стресстеги абалдан чыгуу жана башка ар түрдүү маалыматтык буклеттер таратылды.