БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Быйыл 12-декабрда улуу жазуучу 87 жашка чыкмак. Айтматов Германияда узак оорудан соң 2008-жылдын 10-июнунда каза болгон.
Мелдеш Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 6-12-декабрь күндөрү аялдар жана эркектер арасында өтөт.
Турнир Кыргызстандын улуттук спорт оюндары боюнча дирекция тарабынан Тогуз коргоол федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.