БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Түркияда иштеп жүргөн 21 жаштагы кыргызстандык кыз жол кырсыгынан каза болгонун КРдин Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Элчиликтин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 3-декабрда таңкы саат бештер чамасында Түркиянын түштүк-батыш тарабындагы Айдын провинциясынын Назалли районунда болгон.
"Кыргызстандык кыз айдап бараткан машина Айдын жана Денизли шаарларын бириктирген жолдогу тосмону сүзгөн. Кыз машинадан ыргып кетип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Автоунаанын ичинде Түркиянын жараны да болгон", — деп элчиликтен түшүндүрүштү.
21 жаштагы кыз Түркияга эки жыл мурун келип, Денизли шаарындагы дүкөндөрдүн биринде иштеп жаткан. Учурда маркум кыздын сөөгү Измир шаарында, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн анын денеси союла турганын элчиликтен билдиришти.