Бала кезимде апам алып келип берген китептерди агам экөөбүз талашып окучубуз. Айрыкча, "кыргыз эл жомоктору", "Белорус эл жомоктору", "Чет элдик жомоктор" деген китептер биздин сүймөнчүгүбүз болчу. Кыязы, балалык сезимдерибиз дагы ошолор менен алга чабыттады окшойт. Чиркин, кандай сонун жомоктор эле… Бирок, ошолордун арасында бирөө бар болчу. Мага көп деле жакчу эмес. Эч кандай деле мааниси жоктой, тажатмадай сезилчү ал. Болгондо да кыргыз эл жомогу болсо керек эле. Азыр атын да айтам. Аты "Топулуу торгой" беле?…
А көрсө жомоктун артында катылган маанини түшүнгөн эмес экемин ошондо. Ал жомок тажатма эмей эле укмуштуудай көрөгөчтүк менен, укмуштуудай даана жазылган жомок тура. Кантип дейсизби? Эмесе угуп туруңуз…
Бүгүнкү күнү тээ айылдардагы, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы маселелерин ошол жердеги "эрмендердин" айынан бүтүрө албай какпаган эшиги, жебеген кешиги калбай жүрүп отуруп ушул борборго чейин келип казысын салган байга, карынды жарган карышкырга жетпесе да жогорку сотко, премьерге, же жогорку бийликке чейин үнү жетпей, андан да болбогондо чуулдаган балдардай чуркураган депутаттарга, депутаттарды жүндөй сабаган баш прокурорго, андан да айла болбой, аргасы кеткенде куюндай учуп, желдей сызып жүргөн журналисттерге барып ыйлап-сыктап арыз муңун айтып отурган "торгойлор" көбөйбөдүбү. Же калппы? Айыл мектебиндеги мугалим, аймактык милиция, аймактык сот, айыл өкмөт, кайсы бир мекеменин эсепкери, светчи, токойчу, керек болсо 1-2 жылдык окуусу менен бир айылга "актип" болуп калган мал доктуруна чейин өзүн бир шумдук сезип, мойнундагы милдетин аткарбай коюп, натыйжада, анын иши "Чубактын кунундай" чубалып ушул борборго чейин жетип жатпайбы…
Кечээ да ошондой эрмендин азабын тарткан "торгойго" жолуктум. Ал адам болгондо да так эле ушул борбордун, так эле ушул баш калаабыздын "эрмендеринин" азабын тартып келатыптыр. Ким экен ал дейсизби? Эмесе, жакшылап угуп туруңуз.
"Ошондон бери жардам сурап жыртпаган эшигим, барбаган тешигим калган жок" деп сыздап отурбайбы, бирөөнүн эски кепесинде. Акиминен тартып, министрине чейин жардам сурап кайрылыптыр. А бизде эмне? Баягы эле эңкейгенден эринген эрмендер, баягы эле карды салаңдаган байлар, баягы эле жүнүнөн башканы ойлобогон катындар отурат да керектүү жерлерде. Анан аларды куюн кууп, жылуу ордуна суу куюлбаса бир жери кыймылдайбы? Жок кыймылдабайт.
Мына, тууганым. Сен алыскы айылдагы эрменди сурайсың. Андайлар ушул жерде эле толуп турат. 2016-жылы ыраматылык Насирдин Байтемиров агабыз толук жүзгө чыкмак деп, анын 100 жылдыгын бирөө өткөрүп калса барып оюнун көрүп, тарткан этинен жеп кайтайын деп тургандыр, алар. Ыңгыранып жаткандыр төрүндө курсагын сылап. Же эртеңи менен иши жок жаш баладай кумар ойноп отургандыр дагы бир заңгыраган сарайда. Алар антип турган соң эрмендер ийилмек беле? Биздин эрмендер бекер ийилбээйт. Э-эх, эрмендер ээй, эрмендер…