Кыргызстандыктардын 62 пайызы айлык маянага жашайт. Көпчүлүк иштегендер айдын аягында акчасыз калат.
Бизге дайыма эле акчанын жетпегендигине беш себеп бар:
- Алыбызга карап жашай албаган адатыбыз. Согончогуңду жумшарта турган жаңы кремге "сен ушунчалык татыктуусуң" деп жарнама какшап жатса, кантип сатып албайсың, туурабы? Ушул эле жерде жана азыр гана беш пайызга арзан сатылып жаткан телефонду кантип кыя өтөбүз? Маркетологдор өз ишин жакшы билет. Ага психологиялык фактор да кошул-ташыл болуп калат: акча канчалык аз болсо, анын жетиштигинен адам өзүн ошончолук көбүрөөк коргойм деп, керексиз буюм-тайымдарды сатып ала берет.
Эми болочок кирешелерге артылган курулай үч үмүт-ишенимди карап көрөлү:
ТЫЯНАК:
Эгер ушунчалык эле акча короткуңуз келип жатса, андай азгырыктан оолак болгонго аракет кылыңыз. Каражатыңызды банкка салып коюңуз. Эркин акча чөнтөгүңүздө болбогон соң, жаңы ооз боёк алуу же кафеге барып отуруу зарылчылыгын аргасыздан кайра карап чыгасыз. Банктык пайыздарыңызды жоготкуңуз келбейт да, туурабы? Баса, каткан акчаңызды эң төмөн киреше менен да көбөйтсө болот. Ишенбесеңиз, баалар өсүп, валюталык рынок олку-солку болуп турганда акча топтогонго үлгүрүп жаткан пенсионерлерден сурап, үйрөнүңүз. Башкысы, бул адатка айланышы керек.