БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол дарыгерлери спорт медицинасы боюнча тажрыйбасын Индиядан жогорулатууда. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
30-ноябрдан 2-декабрга чейин Нью-Делиде Азия футбол конфедерациясынын бешинчи медициналык жыйынып өтүп жатат.
43 мамлекеттен келген 600дөн ашык делегат иш-чарага катышууда. Кыргызстандан баргандардын курамында дарыгерлери Иса Бичанов менен Нурбек Исмаилов да бар.