БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанда маалымат жана басма күнү 7-ноябрда белгиленет.
Жээнбековдун айтымында, журналисттерди коомчулук менен мамлекеттин жашоосундагы орду абдан чоң.
"Мамлекеттин саясатын объективдүү жана ар тараптуу маалымат менен чагылдырып, сиздер өлкөнүн өнүгүшүнө маанилүү салым кошуп келе жатасыздар", — деп айтылат куттуктоодо.
Жээнбековдун айтымында так маалымат, калыс сын жана тыгыз байланыш эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, демократиялык принциптердин өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Төрага журналисттерге бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалады.