БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Израилде өткөн самбо боюнча өткөн дүйнө чемпионатында ИИМ кызматкери Абдыкапар Урбаев коло медалга ээ болгонун аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-26-октябрь күндөрү өткөн эл аралык мелдешке Европа, АКШ жана Борбордук Азиянын 21 мамлекетинин өкүлү катышкан.
"Урбаев 100 килограммдык салмак категориясында жеңишке жетишти. Байге тапшыруу аземинде Кыргызстандын желеги көтөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Абдыкапар Урбаев Бишкек ШИИБ жана ИИМдин дене тарбия даярдыгы боюнча бөлүмдүн ага инспектору болуп эмгектенет.