БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрынан баштап шаардын чеке-белиндеги Төмөнкү Ала-Арча жана Красный строитель айылдарында жаратылыш газы болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ түтүктөрдөгү газдын агып чыгуусун оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам өчүрүлөт.
Аталган аймакта төрт күн бою, 2-6-ноябрь күндөрү жаратылыш газы болбойт.