БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын премьерасы Канн фестивалында өтөрү болжолдонуп жатканын белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
Анын айтымында, учурда тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын өндүрүшүндө.
"Тасма тартылып бүтүү. Жакын арада режиссер Актан Арым Кубат аны монтаждоо үчүн Европага жөнөп кетет", — деди Төлөмүшова.
Кыргызстан, Франция, Германия жана Нидерланд мамлекеттеринин биргелешкен аракетинен жаралган тасма эл назарына эмдиги жылы тартууланат. Башкы каармандардын ролун режиссер өзү жана Таалайкан Абазова аткарган.
Төлөмүшова "Кыргызфильмде" "Мунабия" тасмасы тартылып жатканын да кошумчалады.